Өлкө боюнча 90 миңден ашык бала 1-класска катталды

10-апрелден 29-июнга чейин билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдетилген тартипте киргизилди.

Белгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата 2 миң 84 мектепте 185 миң 549 орун каралган. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-класстарына электрондук каттоо министрликтин сайты аркылуу жүргүзүлүп жатат.

Биринчи этапта 10-апрелден 25-июнга чейин балдар ата-энелери катталган дарекке тийиштүү мектепке катталса, экинчи этапта 26-июндан 31-августка чейин ата-энелер бош орундары бар каалаган мектепти тандай алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан