Кытай жараны "Манас" аэропортунда жасалма паспорт менен кармалды

"Манас" аэропортунан жасалма паспорт менен Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, ал аэропорттун көзөмөл-өткөрүү пунктундагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу кечээ, 29-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 27-августка чейин ЖАКнын №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан