Кара-Балтада 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Чүйдүн Кара-Балта шаарында 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен адам кармалды. Бул тууралуу жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кырсык 29-июнь күнү саат 15:35 чамасында Крупская көчөсүндө болгон. Анда айдоочу 2018-жылы туулган А.Я.ны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Жайыл РИИБинин инспекторлору тарабынан жол кырсыгына шектүү катары 2003-жылы туулган жергиликтүү тургун Б.С. кармалган. Анын унаасы айып аянтчасына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан