"Дүйнөлүк турнеси токтоп...". Эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн ырчы Мадонна үйүнө чыгарылды

Ырчы Мадонна ооруканадан чыгарылып, Нью-Йорктогу үйүндө экенин CNN телеканалы маалымат булагына таянуу менен билдирди. Учурда ырчынын абалы жакшы делгени менен дале болсо даргылердин көзөмөлүндө экени айтылат.

Буга чейин ырчынын менеджери Гай Осири 64 жаштагы Мадонна бактериялык инфекция менен ооруканада жатканын айткан.

"Ишемби күнү, 24-июнда Мадонна олуттуу бактериялык инфекцияга чалдыкты, анын айынан ал бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жатты", - деп билдирген Осири.

Ал белгилегендей, Мадоннанын ден соолугу жакшырып, дарыгерлер анын толук сакайып кетишин күтүшкөн. Ырчынын ооруканага жаткырылышына байланыштуу анын дүйнөлүк концерттик турнесинин башталышы кийинкиге жылдырылды.

Айрым маалымат булактары Мадонна эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылганга чейин бир нече жума бою боло турган концерттик турнесине катуу даярдык көрүп, күнүнө 12 саат иштегенин жазышты.

Мадоннанын музыкалык карьерасынын 40 жылдык мааракесине туш келген дүйнөлүк турне "The Celebration Tour" 15-июлда Ванкуверде башталмак. Анын алкагында Канада, АКШ жана Европанын 35 шаарында 80ден ашык концерт болуп, гастролдун өзү 2024-жылдын январында аяктайт деп пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан