Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сайты жаңыланып, интерфейси жаңыртылып, анын функционалдуулугу жакшырган.
Белгилүү болгондой, президенттин расмий сайтынын лентасындагы материалдар эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланып келет.
Учурда анын англис тилиндеги версиясын ишке киргизүү пландалып жатканы кабарланды.
Сайттын жаңылануусунан улам портал бир нече күн ачылбай жаткан.