Сергей Лавров: "Орусиянын аймагындагы украиналык балдарды ата-энелери кайтарып ала алышат"

Орусиянын аймагында жүргөн украиналык балдардын ата-энелери балдарын кайтарып ала алышат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров брифинг учурунда билдирди.

"Бизди чыр-чатактын ичинде жүргөн украиналык балдардын тагдыры абдан тынчсыздандырууда. Учурда Орусиянын аймагында жүргөн балдардын баары белгилүү. Алардын аты-жөнүн, координаттарын эч ким жашырбайт. Эгерде алардын ата-энелери же жакын туугандары болсо, балдарды алууга толук укугу бар", - деди министр.

Лавров буга чейин бир нече ондогон украиналык балдар туугандарына кайтарылып берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан