Бишкектен Алматыга автобус каттап баштады. Бул тууралуу "Кыргыз автобекети" эскертет.
"Күн сайын 08:00, 10:00, 12:00, 14:00, 16:00 жана 18:00дө Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы эл аралык каттамы боюнча көп орундуу автобустар жүрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, билеттин баасы 500 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот. Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда чыгат. Билет баасы 2500 теңге.