Улуттук банк 15-сентябрга чейин коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүүнү сунуштаган токтом долбоорун иштеп чыкты. Мындай маалымат банктын расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, коммерциялык банк нак долларды сыртка алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымат берүүгө тийиш. Ошондой эле банктарга накталай доллардын күнүмдүк көлөмү 10 пайыздан ашпаганын алып чыгууга уруксат берилгени маалымдалат.