Бишкекте мектеп лагерлеринин иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин районунун аймагында №25, 40, 42, 47, 55, 79,80,96, 97 мектептердин базасында 1200 баланы камтыган 9 мектеп лагери уюштурулган.
Мекемеден билдиргендей, мектеп лагерлери 5-июндан 30-июнга чейин, күн тартиби боюнча саат 08:00дөн 14:00гө чейин эки маал тамактануу (эртең мененки, түшкү тамак) менен иш алып барган. Ал эми Октябрь районундагы «Шайыр-балалык» балдар чыгармачылык борборунун короо клубдарында жай бою балдар үчүн ийримдер жана спорттук секциялар ишин уланта бермекчи.