Бүгүн, 1-июль күнү өлкөдө куткаруучулар күнү белгиленүүдө. Аталган датаны утурлай SUPER.KG порталы Баткендин Лейлек районунун аймагында куткаруучу болуп эмгектенген инсан тууралуу баяндап берүүнү туура көрдүк.
Өз кесиби менен сыймыктанган, кызматын элинин коопсуздугу, бейкутчулугу үчүн арнаган Кожоев Нурмахаммат Рахманбердиевич Лейлек районунун Кулунду айылындагы №108 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы. Ал үй-бүлөдө 2 кыз, 1 уулдун камкор атасы болсо, жумушта өрт өчүрүүчү-куткаруучу катары кызматтык милдеттерин так аткарууга умтулган адистердин бири. Анда каарманыбыз менен болгон маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.
БАЛАЛЫК КЫЯЛЫМ ОРУНДАЛДЫ
Бала кезде ар кайсы кесипке кызыгып жүрүп, бир күн эле куткаруучу болууну кыялдана баштадым. Орто билимге ээ болгон соң курулуш инженери кесибин тандап кеттим. Жогорку билимге ээ болуп келген соң Лейлек райондук суу чарба кызматында иштеп калдым. Бирок тагдыр өз кыялыма алып келди. 2020-жылы куткаруучу болом деген кыялым орундалып, Кулунду айылындагы №108 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнө кызматка орношуп калдым.
АТАМДАЙ АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ
- Атам союз учурунда райондук аткаруу кызматында иштеп, учурда ардактуу эс алууда. Мен үйдүн кичинеси болгондуктан башка бир туугандарыма караганда мен атам менен апамдын кеңешин көп угуп, алардын жасаган ишинен үлгү алам. Айрыкча атам тартипти сүйгөн, адал эмгекти баалаган киши болгондуктан мага акыл-насаатын айтып, керек кезде кеңешин берип турат. “Ак кызмат кыл, эмгектен качпа” деген бир сөзүн тумардай туу тутам. Жолдо, мейли тойдо болсун, жардамга муктаж адамды көрсөңөр, кыя өтпөгүлө дейт. Мен да атамдай эл ичинде урмат-сыйга татыктуу, жумушта кесипкөй кадр, ал эми үйдө кадырлуу ата болгум келет.
БАЛДАРЫБЫЗДЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ, СЫЙМЫГЫ БИЙИК БОЛСО ЭКЕН
- Үй-бүлөлүүмүн. Жумуштан келгенде чуркап чыгып тосуп алган 2 кыз, 1 уулум бар. Уулум көбүнчө менин аскердик кийимдериме кызыгып, чоңойгондо сиздей болгум келет деп калат. Мен үйрөтпөсөм деле аскердик тартипти карманып, саламдашуу, сапта туруу боюнча көнүгүүлөрдү жасап жүрөт. Көчөдө да “менин атам элге жардам берет, менин атам офицер” деп көп мактанганын кошуналар кээде айтып калышат. Аны укканда ушул балдарыбыздын келечеги кең, сыймыгы бийик болсо экен деп тилейм.
ТИЛСИЗ ЖООДОН МҮЛК САКТАЛЫП, ЭЧ КИМ ЖАБЫР ТАРТПАСА, ОШОЛ БИЗДИН КУБАНЫЧЫБЫЗ
- Калк арасында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жыл бою үзгүлтүксүз жүргүзүп турабыз. Ошентсе да тилсиз жоо качан, каерде катталарын эч ким билбейт экен. Бир ирет турак үйдө өрт чыгып, аны өчүрүүгө барганыбызда үйдүн ээси мас абалында уктап калыптыр. Бактыга жараша, аман-эсен куткарып калууга жетиштик. Мүлк сакталып, эч ким жабыр тартпаса, ошол биздин да кубанычыбыз. Ал үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мекеме-ишканаларда, билим берүү мекемелеринде өрт тактикалык машыгуу жана практикалык сабактарды өткөрүп турабыз. Кээде жетекчиликтин суранычы менен кайра өткөргөн учурлар болот.
КЫЙНАЛГАН ЭЛДИ, ЖАШ БАЛДАРДЫ КӨРҮП ТУРУП, БИЗГЕ ДА КАЙРАТ, КҮЧ КЕЛДИ
- Өрт коопсуздугу гана эмес, чек арадагы окуяларда да биздин кызматкерлер бир топ тажрыйба алышты. Окуя болгон күндөрү жергиликтүү эл да катуу корккон абалда эле. Калып кеткен элди коопсуз айылдарга алып чыгып, аларга психологиялык жактан да жардам берүүгө туура келди. Ошол күндөрү биз куткарган бир үй-бүлөнүн эс тарткан уулу жакшы таанып калган экен, азыр да көргөн жерде чуркап келип, рахматын айтып кетет. Кесиптештерим Ормонов, Муса уулу менен чогуу акыркы окуяда чогуу болуп, 3-4 айылда куткаруу иштерине катышып калдык. Ал гана эмес, күйүүчү май жеткирүү менен да алектенип, мүмкүн болушунча элди коопсуз жайга алып чыгуу милдети менен жүрдүк. Бул менин оор кырдаалдагы алгачкы куткаруу иштерим болду. Ошого карабастан, кыйналган элди, жаш балдарды көрүп туруп, бизге да кайрат, күч келди. Чыйралдык. Такшалдык.
ЭМГЕГИМ МЕКЕНГЕ АРНАЛАТ
- Киндик кан тамган жер баарынан бийик экендигин акыркы убакта көбүрөөк ойлоно баштадым. Ушул жерде жашап, ушул жерде жашаган жаран катары мекенчилдик сезим ар бирибиздин жүрөгүбүздө турат. Каныбызда кошо айланып турат. Курсак ач болсо тоюнат экен, көңүл жарасы айыгат экен. Бирок тынчтыктын баасы баарынан бийик экен. Ошон үчүн мекен алдында берген антыма бекем туруп, эмгегимди элиме, жериме арнагым келет.