Нарында коомдук-саясий ишмер Асейин Аракеев каза тапты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркум эртең, 1-июлда саат 10:00дө Нарын районундагы Дөбөлү айылында жерге берилет.
Аракеев Асейин Абдраманович 1948-жылы 3-июнда Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылында туулган. Ал техникалык илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги.