Бүгүн, 30-июнда Молдованын Ички иштер министрлиги Кишинев аэропортунда чет элдик киши уюштурган атышуудан эки адам курман болгонун Орусиянын "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, буга чейин Кишинев полициясынын басма сөз кызматы "РИА Новостиге" белгисиз адам аэропортто ок атканын, жүргүнчүлөр эвакуацияланганын, авиакаттамдар убактылуу жылдырылганын билдирген. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча ок атуу өлкөгө киргизилбеген чет элдик жаран тарабынан жасалган.
"Бийлик эки адам курман болгонун тастыктады. Окуя болгон жерге полициянын «Чагылган» атайын тобу барган", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, чет элдик жаран өлкөгө Түркиядан учак менен келген. Окуя болгон жерге тез жардам унаалары келишкен.