Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири экени Mercer эл аралык консалтинг компаниясынын изилдөөсүндө айтылды.
Анда эң кымбат шаарлардын сап башында Гонконг турат. Алдыңкы үчтүккө Сингапур жана Цюрих кирди.
Ал эми арзан шаарлардын ичинде Бишкек 224-орунда турат. Мындан тышкары башка шаарлардын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: Таллин (100-орун), Ереван (141), Баку (177), Минск (182), Алматы (208), Ташкент (218), Душанбе (223).
Ага ылайык, тизме турак жай баасы, транспорттук чыгымдар, тамак-аш, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана көңүл ачуу сыяктуу ондогон факторлорду салыштыруунун негизинде түзүлгөн.