Ирак бийлиги Швециядан Куранды өрттөгөн жаранды өткөрүп берүүнү талап кылууда

Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед Аль-Саххаф 29-июнда билдиргендей, Ирак Швеция бийлигинен Стокгольмдогу башкы мечитте Куранды өрттөгөн ирактык жаранды өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Куранды өрттөгөн адам Ирактын жараны, ошондуктан биз Швеция бийлигин аны Ирактын мыйзамдарына ылайык соттук териштирүү үчүн Ирак өкмөтүнө өткөрүп берүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-июнда Швециянын борбору Стокгольмдогу башкы мечиттин алдында белгисиз жаран Куран китебин өрттөгөн. Ал Ирактан келген 37 жаштагы иммигрант Салван Моника болгон. Акция Стокгольм полициясынын уруксаты менен ишке ашырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан