Кенияда жол кырсыгынан 44 адам каза болду

Кениянын батышындагы жол кырсыгынан кеминде 44 адам каза болду. Бул тууралуу Кениянын "Стандарт" гезити билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Керичо жана Накуру шаарларынын ортосунда болгон. Окуянын күбөлөрү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, алты унааны сүзүп, андан соң арыкка түшүп кеткенин белгилешүүдө. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды.

Керичонун губернатору каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, "Тез жардам" унаалары жана райондогу бардык медициналык мекемелер күжүрмөндүккө даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан