Бүгүн, 1-июлда Кытайдын чыгышындагы Цзянси провинциясындагы химиялык заводдордун биринде жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, окуя Пекин убактысы боюнча түштө Гуйси шаарындагы Jiangxi Qiantai New Materials мекемесинде болгон. Окуя болгон жерге полиция кызматы жана өрт өчүрүүчүлөр келишкен.
Учурда жарылуунун себептери иликтенүүдө. Укук коргоо кызматкерлери каза болгондор жана жабыркагандар бар же жок экенин тактоодо. Азыркы кезде тергөө иштери жүрүп жатат.