Бүгүн, 1-июлда Бишкекте Кузнечный кыска көчөсүнүн №47 дарегинде өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, Свердлов районунун Кузнечный кыска көчөсүндө жыйылган желим бөтөлкөлөрдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм тартылды.
Буга чейин интернет желесинде "Аламүдүн" базарынан өрт чыкты деген видео тараган.