Екатеринбургда өз баласын сатууга аракет кылган кыргыз жараны 5 жылга эркинен ажыратылды

Екатеринбургда өз баласын 300 миң рублга саткысы келген кыргыз жараны 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалык 2022-жылы аны Екатеринбургда сатуу аракетине байланыштуу бала ата-энесинин камкордугусуз калып, Свердлов облусундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылганын белгиледи. Сатуу аракети үчүн Кыргызстандын 37 жаштагы жараны беш жылга эркинен ажыратылды.

«Бул убакыттын ичинде Башкы консулдук тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жашы жете элек балага жана анын апасына карата соттук процесстерге катышып, баланы Кыргызстанга кайтаруу үчүн документтерди тариздөө маселелери иштелип чыкты.

Кыргызстан Эмгек министрлигинин кызматкеринин коштоосунда Кыргызстандын жараны И.А., үйүнө учак менен келген», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан