"Манас" эл аралык аэропорту жаңы "Асман" авиакомпаниясын түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Маалым болгондой, Жолдошбек Айдаралиев аталган авиакомпаниянын башкы директору болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, буга чейин ал "Манас" эл аралык аэропортунун дагы бир туунду компаниясын - "Эйр KG" авиакомпаниясын жетектеп келген.