Реп-аткаруучу Улукманапо кечээ, 1-июлда ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн Алланын ырайымы менен биринчи жолу ата болдум. Баары үчүн Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун. Уулум үчүн жубайыма рахмат", - деп жазган ал.
"Ulukmanapo" деген каймана ат менен белгилүү Улукман Осмоналиев Кыргызстанда эле эмес, Казакстанда жана Орусияда таанылып, бааланган мега-популярдуу рэп аткаруучу.