АКШда жол кырсыгында каза тапкан Кыргыз жаранынын сөөгү 4-июлда туугандарынын коштоосунда мекенине жиберилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта, учурда Кыргызстандын Америкадагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтылды.
Белгилей кетсек, АКШда жүк ташуучу унаа айдаган 42 жаштагы жаран 1-июлда жол кырсыгына кабылып каза болгон.
"Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат" деп билдиришти министрликтен.