Израилдин Коргоо министрлиги АКШ өкмөтүнөн 25 даана F-35 үлгүсүндөгү согуштук учактарын сатып аларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Израилдин Коргоо министрлиги жана Коргоо күчтөрү үчүнчү эскадрильяны алат. F-35: 25 учагы Lockheed Martin тарабынан чыгарылган", - деп билдирди министрлик социалдык медиада.
Маалыматта министрлик келишимди болжол менен 3 миллиард долларга баалап, каржыны АКШнын жардам фонддору тарабынан берилгендиги айтылат.