Бүгүнкүгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 3-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25, күндүз 33…35 градус болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан