Сокулукта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү Чүйдүн Сокулук районунун Төрткүл жана Студенческий айылдарынын ортосунан агып өткөн Ат-Башы каналынан табылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.