АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга алып келинет

Эртең, 4-июлда АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалымдалгандай, учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

"Маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, 1-июлда 42 жаштагы Б.С. аттуу Кыргыз жаранынын трагы башка жүк ташуучу унаа менен кагышып, анын каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан