29-июнда Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деген коркутуу менен Оштун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп туруусун талап кылышканы аныкталды.
Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
"Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.