"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды жүктөөчү кызматкерлердин айлыгын 40-50 миң сомго жогорулатты. Мекеме кечээ, 2-июлда жогорудагы маяна менен кызматкерлерди кабыл алуу тууралуу билдирүү жарыялады.
Буга чейин, 30-майда 30-35 миң сомдук айлык акы менен кызматкерлер кабыл алынып жаткан. Жумуштун талаптарына ылайык, эс алуу күндөрү өзгөрүп турушу мүмкүн. Тактап айтканда ишемби жана жекшемби күндөрү гана эмес, иш күндөрү да болуп калышы ыктымал.
Каалоочулар 0 (312) 34-48-25 номерине байланыша алышат.