Австрияда 320 жыл бою басылып чыккан гезит ишмердүүлүгүн токтотту

Австриянын эң эски улуттук гезити катары белгилүү болгон “Wiener Zeitung" акыркы санын басып чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, гезит 320 жыл бою окурмандарга таратылып турган. Гезиттин акыркы чыккан санында 116 миң 840 күн, 3839 ай, 320 жыл, 12 президент, 10 император, 2 республика, 1 гезит” деп анын тарыхы сандар менен жазылган.

Гезит алгачкы жолу 1703-жылы август айында басылып, 12 президент, 10 император, 2 республика учурунда да чыгып турган. Анда чыгармачыл адамдардын жана президенттердин маектери, каттары жарыяланып, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар баяндалып турган. Ошондой эле аталган басылмага Моцарт менен Бетховендин кулактандыруулары жарыяланган.

Үч кылым бою гезит бир гана жолу, Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда гана жабылган. 1945-жылдан баштап кайра ишмердүүлүгүн уланткан.

Учурда гезиттин электрондук варианты иштелип чыгууда. Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Британиянын Independent гезити менен америкалык Newsweek журналы да электрондук вариантка өткөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан