Сот №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата чечим чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды.

Маалымдалгандай, Юрий Низовский Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар жана А.А. аттуу ата-энеден 10 миң сом өлчөмүндө сый акы алганы аныкталган эмес.

Бирок, Юрий Низовский 251-берененин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда, 50 миң сом айып салынды.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Юрий Низовскийге карата коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын системалуу түрдө пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jamalym
2023-07-03 12:26:00
Коррупция жениптир да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан