Биз социалдык тармакта

"Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды

"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 10-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерди онлайн кабыл алуу 1-июлдан 10-июлга чейин жүргүзүлөт. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.

Белгилей кетсек, “Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Стипендия таланттуу жаштарга QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми толук маалымат шилтемеде камтылды.

Стипендияга шилтеме аркылуу катталууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан