2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы (https://2020.edu.gov.kg/vuz) акылуу тапшырышат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү:
I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.
Белгилей кетсек, бул жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө өлкө боюнча 47 миңден ашык бүтүрүүчү катышкан.