Бүгүн, 3-июлда эстрада ырчысы Курал Чокоев өзүнүн жеке майрамын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда маанайы мыкты экенин айтты. Бул ирет туулган күнүн көл жээгинде белгилеп жатканын кошумчалады.
"Туулган күндү түнкү саат 12ден өткөндөн баштап досторум менен биргеликте белгилеп баштаганбыз. Ал арада соицалдык тармак аркылуу дагы санаалаштардан, күйөрмандарымдан түрдүү жылуу пикирлерди алып жатам. Бүгүн маанайым өзгөчө. Кечинде жакындарым, досторумдун коштоосунда көлдүн жээгиндеги кафелердин биринде туулган күндү белгилөөнү уланталы деп жатабыз", - дейт ырчы.
Эскерте кетсек, ырчы Курал Чокоев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырган.
Репертуарындагы эл оозуна алынган ырлары: "Жалгызымсың", "Ты прости", "Оп майда", "Билип жүр", "Өмүр зымырайт", "Сейдакматтын ыры", "Кокон гилас" жана башкалар.