Евразиялык транспорт коридорлору "Чоң Евразия" үчүн жаңы транспорттук базаны түзүүгө өбөлгө түзөт. Мындай пикирин бүгүн, 3-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Кытайдын Чунцин шаарында өткөн трансевразиялык кызматташтыкты куруу, жаңы эл аралык кургактык-деңиз коридорундагы жеткирүү чынжырлары жана жүк ташуучу экспедиция көргөзмөсү боюнча биринчи форумда айтты.
Арзыбек Кожошев "Чоң Евразияны" түзүү боюнча чоң милдеттерди ишке ашыруу үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү, автомобиль жана темир жолдордун, порттордун, өткөрүү пункттарынын, ички суу транспортунун инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле логистикалык кызматтардын ишин синхрондоштурууга, ташуу шарттарын оптималдаштырууга, бажы, фитосанитардык жана ветеринардык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, биргелешкен долбоорлорду жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү керектигин кошумчалады.
“ЕАЭБ менен КЭР ортосундагы кызматташуу соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана темир жол менен жүк ташууларын санариптештирүү боюнча алгылыктуу иш-чаралардын алкагында өнүгүп жатат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат”, - деди Кожошев.
Ошондой эле министр өз сөзүндө уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар көйгөйлөрдү талкуулоого жана аларды чечүү жолдорун издөөгө жакшы аянтча болорун белгиледи.