Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери сыйланды (сүрөт)

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын түзүлгөн күнүнө карата майрамдык сыйлоо аземи болуп өттү.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жол коопсуздугун, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда үзүрлүү эмгектенген жана өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарган кызматкерлерге башкармалыктын башчысы, милициянын полковниги Авазбек Досов ИИМдин медалдарын, ардак грамоталарын жана баалуу белектерди тапшырып, өздүк курамга каалоо тилектерди жолдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан