
Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлады.
Мурдагы тыюу 1-июлга чейин киргизилген болчу. Анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган.
Нааразычылык акциясын уюштурууга болбой турган жерлер:
Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имараттарынын жанында;
Жогорку соттун алдында;
УКМКнын имаратынын жанында.
Эркиндик проспектиси - темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
Белгилей кетсек, ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.