Бишкекте татар киносунун күндөрү өтөт

Бишкекте 9-10-июль күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө татар киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада эл аралык киофестивалдарга катышкан Татарстандын кинорежиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлөт.

Алар:

  • 9-июль саат 16:00дө - Рашид Маликов менен Рамиль Фазлиевдин "Сумбуль" тасмасы;
  • 9-июль саат 18:30да - Юлия Захарованын "Тарлан" тасмасы;
  • 10-июль саат 16:00дө - Ильшат Рахимовдун "Апипа" тасмасы;
  • 10-июль саат 18:30да - Амир Галиаскаров менен Ирек Хафизовдун "823-й километр" тасмасы.

Иш-чаранын соңунда чыгармачыл топ менен жолугушуу болот.

Кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан