Японияда катуу жааган жаандан улам 500 миңден ашык адам эвакуацияланды

Кечээ, 3-июлда Япониядагы катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 500 миңден ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу NHK басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Япониянын түштүк-батышындагы Кюсю аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Анын натыйжасында аталган аймакта жашаган 587 миң адам эвакуацияланган.

Басылманын берген маалыматына караганда, Курумэ, Ямэ, Кумамото, Огуни, Мифунэ, Коси, Кикуйо, Такачихо, Хита, Кусу шаарларынын тургундары башка аймакка көчүрүлгөн. Табигый кырсыктан жабыркагандар катталбаганы айтылууда.

Ал эми Япониянын метеорологиялык агенттиги Фукуока, Сага, Кумамото, Оита, Миядзаки жана Ямагути райондорунда да сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатканы кабарланды. Кумамото аймагынын өкүлдөрүнүн айтымында, катуу жааган жаандан улам Сирикава жана Мифунэ дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп кеткен. Натыйжада Ямато шаарындагы 37 метрлик көпүрө кыйраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан