Бүгүн, 4-июлга караган түнү Азербайжанда катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жер титирөө Азербайжандагы Каспий деңизинин жээгинде катталган. Азербайжандын Республикалык сейсмологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Хачмаз аймагынан 80 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймакта эч кандай кыйроолор болбогонун билдирген.
Аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары Каспий деңизинде күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун, жер титирөө Бакуда да, Азербайжандын башка аймактарында да сезилгенин жазып чыгышты.
Ошондой эле Азербайжан өкмөтү калкты "мындан дагы катуу жер титирөө катталышы мүмкүн" деген жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырып жатканы айтылды.