4-6-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп жазылат маалыматта.