"Ала-Арча" көрүстөнүндө кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат

Эртең, 5-июлда "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилиүү кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат.

Эстелик скульптор Тамила Маматова жана Багдад Калчаеванын жетекчилиги астындагы Кыргыз усталары тарабынан жасалып, кинорежиссёрдун 40 жаштагы элесин чагылдырат.

Иш-чара саат 10.00дө башталат. Ошондой эле салтанатта Болотбек Шамшиевдин үй-бүлөсүнө "Ак шумкар" ордени да тапшырылат.

Белгилей кетсек, кинорежиссёр Болот Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы Манас ордени, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамынын жана башка сыйлыктардын ээси.

"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү жаңырыгы", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.
Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында оорудан улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан