Америкалык автомобиль өндүрүүчү Alef Aeronautics компаниясы дүйнөдө биринчи жолу унааларын жерде жана абада айдоого уруксат алды. Бул тууралуу аталган компания расмий баракчасында билдирди.
Маалым болгондой, "Model A" деп аталган унаа толугу менен электрдик жана эки орундуу. Компаниянын айтымында, жакында алар унаалардын учууга жарактуулугун тастыган атайын сертификат алган. Алар мындай унааларды жол кырсыктарын алдын алуу үчүн чыгарып жатканын билдиришкен.
Унаа жерде 322 чакырым аралыкка чейин айдалса, абада 177 чакырым аралыкка чейин уча алат. Ошондой эле анын вертикалдуу учуп-конуу жөндөмү бар.
Ал эми мындай өзгөчө унаанын баасы 300 миң долларды (26,1 миллион сом) түзөт. Учурда "Мodel A" унаасын 2025-жылы сатыкка чыгаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканы айтылууда.