Ташкенттен Ысык-Көлгө авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалымдалгандай, Өзбекстандын "Centrum Air" авиакомпаниясы 14-июлда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча түз авиакаттамды ачууну көздөп жатат.
Каттамдар жумасына 1 жолу - жума күндөрү аткарылат.
"Манас" аэропорту бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.