Ысык-Көлдүн Түп районунда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан малчы аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балбай айыл аймагынын Ой-Тал айылындагы жайлоодо 1977-жылы туулган К.Б. аттуу малчы дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Түп райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Анын натыйжасында куткаруучулар тарабынан аты аталган жаран Төлөн коктусунан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Абалы орто.