Кыргызстанда эң мыкты салык төлөөчү 15 компания аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү 15 компанияны аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Кыргызстандагы салык кызматкерлеринин күнүнө карата өлкөдөгү салык кызматтарын так аткарган компаниялар аныкталып, атайын сертификаттар жана төш белгилер менен сыйланды.

Анда акыркы 5 ай ичинде мамлекеттин экономикасына кошкон салымы, өлкө казынасын толтурууга активдүү катышкандыгы жана КРнын салык боюнча мыйзамдарын так аткаргандыгы сыяктуу критерийлер каралып, жыйынтыгында 15 компания мыкты деп табылган. Алар:

Өндүрүш жана курулуш тармагындагы компаниялар:

  • "АДЖИ-СЕРВИС" ЖЧК
  • "Торгово-финансовый Холдинг Пром Инвест" ЖЧК
  • "Аслан Кабель" ЖЧК
  • "Карибе Юг" ЖЧК
  • "Кул Брос" ЖЧК
  • "Жаныбек Айтматов" ЖЧК

Соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармагында:

  • "РСК Банкы"
  • "Яндекс Такси Корп" ЖЧК
  • "Кыргызстан-Швейцария Банкы";
  • "Фуд Дрим" компаниясы
  • "Бир айыл - бир продукт" коомдук бирикмеси
  • Жеке ишкер Ракия Асанбаева
  • "Баткен билим берүү борбору" мекемеси
  • Ош муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы

Айыл-чарба тармагында:

  • "Агро Куш" фабрикасы

Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов аталган компаниялардын кожоюндарына ыраазычылыгын билдирип, Салык кызматы аларга дайыма урматтоо менен мамиле кыларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан