"Баштапкы суммасы 14 миллиард 600 миллион сом". "Мега" уюлдук компаниясынын мамлекеттик үлүшү аукционго коюлду

"Альфа-Телеком" (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

Маалымдалгандай, компаниянын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом. Ал эми компаниянын 8,7 миллион даана акциясы мамлекетке таандык.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн арыз толтуруп, керектүү документтерди тиркөө жана көрсөтүлгөн объекттин баштапкы баасынын 10 пайызы (1 млрд 460 млн сом) өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөө керек.

Аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар бүгүнтөн баштап 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2023-07-04 16:43:00
Мындай сумманы табыш учун 70000 жыл иштешим керек экен..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан