Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында өрт чыкты. Кырсык тууралуу билдирүү 3-июлда саат 18:20да кабарланганын ӨКМ билдирет.
Кабарлангандай, жалын саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт кырсыгынын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү автоцистернасы күйгөн.
Мындан сырткары, эки адам жаракат алган. Учурда алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.