Жантөрө Сатыбалдиев: "Чыңгыз Айтматов чыныгы элин сүйгөн адам катары элибиздин жүрөгүндө чоң революция жасай алды" (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде улуу жазуучуну эскерүү аземи болду. Ага КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Президентинин аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаев, экс-президент Роза Отунбаева, жазуучулар, коомдук ишмерлер, окуучулар жана Чыңгыз Айтматовдун туугандары менен катар күйөрмандары катышышты.
Эскерүүдө Айтматовдун өмүр жолу,чыгармачылыгы жана тарыхта калтырган орду тууралуу сөз болду. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: "Чыңгыз агабыз өзүнүн бийик чыгармалары менен ар бир окурмандын,ар бир мекендештин жүрөгүнө жакшылыктын, адамгерчиликтин өчпөс руханий жалынын калтырып кетти. Ал чыныгы элин сүйгөн адам катары элибиздин жүрөгүндө революция жасай алды",- деди.
Эскерүү аземинде Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Ошондой эле улуу жазуучунун күйөрмандары үчүн Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлдү. Бул
үй-музейинде жазуучу 1988-жылдан баштап өмүрүнүн соңуна чейин жашаган. Ага залкар жазуучунун документтери, сүрөттөрү, пайдаланган буюмдары коюлган. 
Жазуучунун жубайы Мария Айтматова: “Музей расмий түрдө ачыла элек. Учурда аны иштетүүгө тиешелүү документтер чогултулуп, баары даяр турат. Эгерде эл музей керек десе, анда мыйзам долбоорун иштеп, расмий ачылышын жасайбыз”,- деп билдирди.
Белгилей кетсек, улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-декабрда 85 жашка чыкмак.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
koha
2013-12-12 15:07:52
музей кайсы даректе жайгашкан?
0
LEP888
2013-12-12 15:18:56
Кыргызды дуйно жузуно тааныткан Чынгыз агабыздын арбагы ыраазы болуп, бейиштен оорун алсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан