Баткендин Кадамжай районунда жалпы салмагы дээрлик 3 тоннага жакын жүзүм менен алчаны мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз жараны Ж.К.нын башкаруусундагы Volkswagen LT 46 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.
Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 килограммды түзсө, ал эми орточо базар баасы 438 миң 795 сомду түзгөн.