"Альфа Телеком" же MEGA ишканасы сатылса деле мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги "Альфа Телекомдун" мамлекеттик үлүшүн аукционго коюп, анын баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом деп белгилеген.