Бажы кызматынан июнь айында бюджетке 9,8 миллиард сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 миллиард сомго көп. Тагыраак айтканда, өсүү темпи 117,3 пайызды түздү.
Муну менен пландык көрсөткүчтөр 106,1 пайызга аткарылды же 558,4 сомго ашыкча жыйналды.